05-04-2025, 14:38
203
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 37,7 миллион адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га өскөн. Анын ичинен: Аялдардын саны – 18 млн 714,9 миң адам;
Эркектердин саны 18 миллион 982,9 миң адам;
Шаар жеринде – 19 млн 216,4 миң адам;
Айыл жеринде – 18 млн 481,4 миң адам.
Эске салсак, буга чейин 1920-жылдан бери (4,4 миллион) Өзбекстандын жашоочуларынын саны 33,1 миллион адамга көбөйгөнү айтылган. Өткөн жылдын ноябрь айында Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 37,5 миллиондон ашып, 37 миллион 506 миң 617 адамды түзгөн. Эксперттердин айтымында, 2030-жылга чейин Өзбекстандын калкынын саны 40 миллионго жетет. Бул Борбордук Азиянын калкынын жарымын түзөт. Акыркы 30 жылда Өзбекстандын калкынын саны 15 миллион адамга көбөйдү, бул туруктуу демографиялык динамикадан кабар берет. Өзбекстанда орточо жашоо узактыгы 74,3 жашты түзөт.
Достор менен катталышың