11-11-2024, 16:11
262
Бүгүн, 11-ноябрда Шавкат Мирзиёев Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда өтүп жаткан кезексиз араб-ислам саммитинин алкагында Сауд Арабиянын энергетика министри ханзаада Абдулазиз бин Салман Аль Саудду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана “жашыл” энергетика тармагындагы практикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Өзбекстандын энергетика тармагын түз инвестициялардын жана алдыңкы технологиялардын негизинде модернизациялоого жигердүү катышып жаткан ACWA Power алдыңкы компаниясы менен кызматташууну баса белгиледи.
Эки өлкөнүн аймагында шамал жана күн электр станцияларын курууга, ошондой эле «жашыл» суутек өндүрүү долбоорлорун тездетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Өзбекстандагы ишканаларды локализациялоо жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу процесстерине Сауд Арабиясынын компанияларын жана консультанттарын тартуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Достор менен катталышың