Спорт

21-08-2024, 19:07

538

Ажырашкан учурда Роналду Жоржинага айына канча төлөшү керек?

 

Португалиялык футболчу, Сауд Аравиянын "Аль-Наср" клубунун чабуулчусу жана капитаны Криштиану Роналду сүйлөшкөн кызы Жоржина Родригес менен ажырашса, ага айына 85 миң фунт стерлингден (100 миң евро) ашык төлөп берет. Бул тууралуу "The Mirror" басылмасы жазып чыкты 

 Басылманын айтымында, бул пункттар алардын биринчи кызы Алана Мартина төрөлгөндөн кийин түзүлгөн. 

 Келишимдин чоо-жайы биринчи жолу 2023-жылдын июнь айында TV Guia тарабынан жарыяланган. Ошондой эле документке ылайык, Роналду менен ажырашкан учурда Криштианонун Мадриддеги сарайы да Жоржинанын менчигине өтөт. Кыймылсыз мүлк 950 чарчы метрди түзөт жана 2010-жылы Роналду 5 миллион еврого (4,2 миллион фунт стерлинг) сатып алган Позуэлонун кымбат аймагындагы 4,000 чарчы метр мүлктүн ичинде жайгашкан.

 Белгиленгендей, документке 2017-жылы Жоржина тун кызы Алана Мартинага кош бойлуу кезинде кол коюлган. Документти даярдоого Роналдунун агенти Хорхе Мендеш жооптуу болгон.

 Кошумчалай кетсек, жубайлардын ортосундагы келишимдин шарттары 2022-жылдын июнь айында жаңы төрөлгөн эгиздердин бири каза болгондон кийин өзгөртүлгөн. Муну менен португалиялык оюнчу Родригеске өмүр бою айына 100 миң евро төлөп берет.


 Маалымат үчүн айта кетсек, 39 жаштагы Роналду "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид", "Ювентус" жана учурда Сауд Аравиянын "Аль-Наср" клубундагы жаркын карьерасынын аркасында 500 миллион фунтка жакын байлыкка ээ. Жылына 173 миллион фунт стерлинг киреше алып, Сауд Аравиясында дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан спортчу болуу менен бирге, форвард жыл сайын ар кандай демөөрчүлүк келишимдеринен миллиондогон киреше табат. Бирок, ал Джорджина менен ажырашкан учурда чоң кирешесинин бир бөлүгүнөн ажыраш керек болот. Португалиялык TV Guia журналынын айтымында, жуптун ортосундагы келишим оюнчунун мүлкүн коргойт.

Достор менен катталышың