Спорт

27-07-2024, 12:20

336

Парижден дагы бир "КООН". Ачылыш аземинде Олимпиаданын желеги тескери көтөрүлдү

 

Парижде өткөн XXXIII Олимпиаданын ачылыш аземинде Олимпиада желеги жаңылыш түрдө тескери көтөрүлүп кеткен.

 Салтанаттын көркөм бөлүгү жана делегациялардын катышуусундагы параддан кийин иш-чаранын соңунда уюштуруучулар жаңылыштык менен Олимпиаданын туусун «асмандан буту менен» көтөрүшкөн. Бул жагдай дүйнө жүзү боюнча спорт күйөрмандары жана расмий адамдар арасында талкуу жаратууда. 

 Көптөгөн чет элдик басылмалар бул жагдайды уят катары белгилешти. 

 Белгилей кетсек, Олимпиада туусун көтөрүү салтанаттын негизги иш-чараларынын бири. Желек көтөрүлгөндөн кийин Олимпиаданын гимни ойнолот. 

 Маалымат үчүн айта кетсек, Олимпиада оюндары 11-августка чейин уланат. Спортчулар 32 түр боюнча 329 медаль үчүн ат салышат.

Достор менен катталышың