Шоу бизнес

22-03-2025, 09:24

53

Конор Макгрегор кайрадан Ирландиянын президенттигине талапкерлигин коюуну билдирди

Мурдагы UFC чемпиону Конор Макгрегор социалдык тармактагы X баракчасы аркылуу Ирландиянын президенти болуу ниетин дагы бир жолу билдирди. 

 "Ирландия, тандоо сеники жана бул жөнөкөй." "Мени президент кылып шайлагыла, биз Ирландияны бирге сактап калабыз" деп жазган X тармагына Макгрегор.

 Башка постунда ал 2024-жылдын май айында бекитилген Евробиримдиктин миграциялык келишимин кескин сынга алган. Бул документке ылайык, өлкөлөр жыл сайын белгиленген сандагы мигранттарды кабыл алышы керек же аларды кабыл алган коңшу өлкөлөргө каражат төлөп бериши керек. Ирландия бул милдеттенмени 2026-жылдын 12-июнуна чейин аткарышы керек. Макгрегор бул маселени референдумга коюу керек деп эсептейт.

 — Бийликке менден башка ким каршы чыгат? Алар сунуштаган талапкер эч качан аларга каршы чыга албайт. Бирок мен алам! Мен президент болсом бул мыйзам долбоорун референдумга чыгармакмын. "Мен бул келишимге катуу каршымын, бирок бул чечим мага жана өкмөткө көз каранды эмес", - деп жазган ал.

 Ушул аптанын башында Макгрегор АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушкан. Брифинг учурунда ал Ирландиянын өкмөтүн сындап, "өкмөт элдин добушун сатып жиберди жана мигранттарга аймактардагы шаарларын басып алууга уруксат берди" деп билдирди.

 Ирландиянын премьер-министри Майкл Мартин Макгрегордун билдирүүсүнө жооп берип, "бул ирланд элинин көз карашын чагылдырбайт" деп билдирди.

 Макгрегор президенттик шайлоого катышуу ниетин алгач 2024-жылдын сентябрында билдирген. Ирландияда президенттик шайлоо 2025-жылдын ноябрында өтөт. Азыркы президент 83 жаштагы Майкл Хиггинс.

 Ал ортодо, 2023-жылдын ноябрь айында сот Конор Макгрегорду Дублинде Никита Хенд аттуу аялды зордуктоого күнөөлүү деп таап, жабырлануучуга 248 миң евродон ашык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Кийинчерээк сот спортчуну 1,5 миллион евро кошумча компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген — бул суммага соттук чыгымдар да кирет.

Достор менен катталышың