28-05-2024, 00:34
286
Ырчы Алсу бизнесмен Ян Абрамов менен ажырашууга арыз жазды. Сот иши тууралуу маалымат Москвадагы Тынчтык сотторунун бирдиктүү маалымат мейкиндигинин порталында жарыяланды.
Документтеги маалыматта Алсу доогер, ал эми анын күйөөсү жоопкер катары көрсөтүлгөн. "Иштин категориясы" графасында "Балалуу жубайлардын никесин бузуу жөнүндө" көрсөтүлөт. Ырчы арызын 24-майда тапшырган.
Маалым болгондой, түгөйлөр баш кошконуна 18 жыл болгон. Алсу менен Ян үч баланы тарбиялап жатышат – 17 жаштагы Сафина, 16 жаштагы Микаэла жана 7 жаштагы Рафаэль.
Достор менен катталышың