Шоу бизнес

27-07-2024, 08:06

263

Индияда Бабур тууралуу кино тартылды

 

Индияда Захируддин Мухаммад Бабур тууралуу тасма тартылган. Бул тууралуу "Субхаш Ядав" басылмасы жазып чыкты.

 Тасма “Бабур – монгол императору” деп аталат. Тасмада башкы ролдорду атактуу кино жылдыздар Шахрух Хан, Ажай Девган, Айшвария Рай, Навазуддин Сиддики жана Рэндип Худа, Амитабх Баччан, Фарида Жалал, Кунал Капур жана Сону Суд ойношкон.

 Тасманын сценарийи Бабурдун эскерүүлөрүнөн алынган “Бобурнома” мемуарынын негизинде түзүлгөн.

 Белгиленгендей, тасманы тартуу иштери 2022-жылы башталып, учурда пост-продакшн стадиясында турат. Тасма Yash Raj Films компаниясынын демөөрчүлүгү менен даярдалууда. Тасманын режиссёру Нитиш Тивар, продюсери Каран Жохар.

 Тасманын чыга турган күнү азырынча айтыла элек, бирок тасма 2024-жылы чыгат деген божомолдор бар.

Достор менен катталышың