19-03-2025, 11:38
460
Ташиев "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы эмнеге тажик тарап менен теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн түшүндүрдү
⚫️"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайын такташып баштаганда "бул жер бизде калат" деп айттык. Анткени 70-жылдары аны биздин мамлекет курган экен. Бирок аны эки тарап тең пайдаланып келген
⚫️Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, суунун 50%га жетпеген бөлүгүн тажиктер, 20%ын өзбектер, 30%ын Кыргызстан пайдаланып келиптир. Себеби Согдиде элдин саны 2,5-3 млнго жетсе, биздики 250-300 миңдин тегереги. Калктын саны аз болгондуктан, өзүбүзгө жеткидей пайдаланышкан
⚫️Ал жер өзү 4 метр, 3 люк бар. Аны 1,5 люктан бөлдүк. Башында тең бөлүү сунушуна жөн эле макул болгон жокпуз. 4 метр жер үчүн 1 000 гектар жер сурап, талашып-тартышып отуруп, алардан 750 гектар жер алдык
⚫️4 метр жерди аларга калтырган-калтырбаган күндө деле ошол сууну булар пайдаланып аткан жана пайдаланат. Себеби өкмөттөр аралык келишим бар, бул сууну пайдаланбайсың деп бербей кое албайбыз, кудайдын суусу. Бизге керектүүсүн алып атабыз, алар бизден ашканын алып жатышат
Достор менен катталышың