Кыргызстан

04-10-2024, 08:32

345

Астанада түрк мамлекеттер уюмунун муфтийлери чогулушту

 

3-октябрда Казакстандын борбору Астанада Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин 5-жыйыны башталды. Бул тууралуу Muftyat.kz сайты билдирди.

 Маалым болгондой, жыйынга Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы Науризбай Таганули, Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш, Кавказ мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы Аллашүкүр Пашазаде, төрага Нуриддин Халикназаров катышты. Ага Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Абдулазиз Закиров, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысынын орун басары Мирвахид Азимов жана башка диний аалымдар, имамдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

 Маалым болгондой, жыйында “Ислам жергиликтүү калктын салттарын колдойт”, “Фатва берүү боюнча фикх мектебинин эрежелери” сыяктуу документтер кабыл алынат.

 Ошондой эле, 3-октябрда “Кожа Ахмет Ясави жана анын руханий мурасы” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Достор менен катталышың