Кыргызстан

01-08-2024, 10:42

305

Жозеф Боррел Борбор Азияга келет

 

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү – Еврокомиссиянын вице-президенти Жозеф Боррел бүгүн, 1-августта Казакстанга келет. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 «Сапардын алкагында Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда», - деп билдирет ТИМ.

 Сапардын алкагында кеңейтилген сүйлөшүүлөр жүрүп, басма сөз үчүн билдирүү жасалат.

 Маалымат үчүн айта кетсек, 2024-жылдын 18-июнунда Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Казакстанга келген.

 “Бул менин үчүнчү сапарым. Казакстан санкцияланган товарларды Орусияга реэкспорт кылышы мүмкүн деп кооптонуп жатабыз. "Биз Казакстанга импорттун олуттуу көбөйгөнүн көрүп жатабыз жана алар Орусияга бурулуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатабыз", - деди О'Салливан.

Достор менен катталышың