Коом

19-03-2025, 10:48

19

Түрк уюмуна мүчө мамлекеттер менен санариптик экономика тармагында кызматташтык түзүлөт

 Токтомго ылайык, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда санариптик экономика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилди.

 Келишимге 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкекте кол коюлган.

 Бул эл аралык келишимди ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп Перспективдүү долбоорлор боюнча улуттук агенттик дайындалды.

 Министрлер Кабинети, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери бул эл аралык келишимдин жоболорун ал күчүнө киргенден кийин белгиленген тартипте аткарылышын контролдоону камсыз кылышсын.

Достор менен катталышың