Коом

29-07-2024, 07:29

231

Түркиянын Ван аймагында Рахманкул хандын 110 жылдыгы белгиленди

 

27-июлда Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында кыргыздын акыркы ханы Рахманкул Жапаркул уулунун 110 жылдык эскерүү мааракеси өттү.

Мааракеге карата КР Президентинин Нарын облусундагы өкүлү 10 канат боз үйдү Вандык кыргыздарга белекке берди.

Маданий программалар жана көк бөрү оюндары коштогон салтанаттуу иш чарага ТҮРКСОЙ уюмунун Баш Катчысы Султан Раев, КР Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев ошондой эле жергиликтүү бийликтин башчылары катышты.

 

Достор менен катталышың