Коом

25-07-2024, 22:01

370

Эми Аталар күнү 15-мартта белгиленет

 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.

Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

Достор менен катталышың