18-03-2025, 23:01
440
АКШ менен Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүсү Украинада 30 күндүк ок атышпоо боюнча макулдашууга жетишүү аракеттеринин фонунда өттү.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президентинин телефондук сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу NBC News телеканалы Ак үйдүн өкүлүнө таянып билдирди. Сүйлөшүү эки сааттан ашык созулду.
Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү АКШнын Украинада 30 күндүк ок атышпоо боюнча келишимге жетишүү аракетинин фонунда өттү. Бул аралыкта узак мөөнөттүү тынчтык келишимин координациялоо пландалууда. Киев тынчтык сунушун кабыл алды. Эми Вашингтон Москванын жообун күтүп жатат.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да ТАСС агенттигине телефон аркылуу сүйлөшүү аяктаганын тастыктады.
Бул Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери эки өлкөнүн лидерлеринин экинчи телефон сүйлөшүүсү. Биринчи жолу алар 12-февралда сүйлөшүшкөн, сүйлөшүү бир жарым саатка созулган. Бул диалогдун жыйынтыгында президенттер Орусия-Украина чатагын чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоону макулдашты.
Буга чейин АКШ лидеринин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Трамп менен Путиндин ортосунда телефон сүйлөшүүсү болорун билдирген. “Менимче, бул аптада эки президенттин ортосунда чындап эле жакшы жана позитивдүү талкуу болот.
Достор менен катталышың