Аалам

18-03-2025, 11:29

361

Трамп Орусиянын Крымдагы көзөмөлүн таанууну караштырып жатат — медиа

 АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Крымды Орусиянын аймагы катары таануу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Semafor басылмасы өзүнүн эки булагына таянып билдирди.

 

 Бул кадам Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келечектеги тынчтык келишиминин бир бөлүгү болушу мүмкүн экени белгиленген. Басылманын булактары Трамптын администрациясы Крымды Орусиянын аймагы катары таануу үчүн БУУга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын кабарлады.

 

 "Трамп азырынча расмий түрдө эч кандай чечим кабыл ала элек. Крым боюнча талкууланып жаткан варианттар согушту токтотуу үчүн каралып жаткан бир нече мүмкүнчүлүктөрдүн бири гана. Ак үй бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты", — деп айтылат маалыматта.

 

 Басылманын маалыматына караганда, жогорудагы кабар жарыялангандан кийин өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Брайан Хьюз администрация мындай милдеттенмелерди албаганын жана бул келишим маалымат каражаттарында талкууланбай турганын билдирген.

 

 Эске сала кетсек, Дональд Трамп бүгүн, 18-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда аймактык маселелерди талкуулоо ниетин билдирген. Кечээ, 17-мартта Ак үй АКШ Украина менен “тынчтык орногондон кийин чек ара кайда тартыларын” талкуулап жатканын билдирди.

Достор менен катталышың