16-03-2025, 18:03
231
16-марттан тарта "Америка үнү" жана "Азаттык" радиосу өз ишин токтотту. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун X социалдык тармагында билдирди.
Белгилей кетсек, "Америка үнү" радиосунун өкүлдөрү 1300дөн ашуун журналист, продюсер жана радио кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыгарылганы тууралуу электрондук кат алышкан.
Легендарлуу "Америка үнү" радиосунун 83 жылдан бери биринчи жолу үнүн басылганына терең кайгырып жатам», - деди ал. "Бул дүйнө жүзү боюнча эркиндик жана демократия үчүн күрөштө маанилүү роль ойноду", - деп жазган анын директору Майкл Абрамовиц.
АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) бир гана Америка үнү эмес, Эркин Европа/Азаттык жана Эркин Азия радиолорун да каржылоону токтотту.
Маалымат үчүн айта кетсек, "Америка үнү" радиосу 1942-жылы немис пропагандасына каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. «Азаттык» радиосу 1950-жылдан бери иштеп, Чыгыш Европанын коммунисттик өлкөлөрүндө, 1953-жылдан СССРде уктурулуп келет.
Эске салсак, кечээ, 15-мартта Дональд Трамп "Азаттык" жана "Америка үнү" радиосун көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттигин (USAGM) жана башка алты федералдык агенттикти жабуу боюнча буйрукка кол койгон. Аталган ведомстволордун жетекчилери 21-мартка чейин Ак үйдүн бюджеттик кеңсесине аткаруу буйругунун талаптарын толук аткаргандыгы тууралуу отчет бериши керек.
Достор менен катталышың