Аалам

26-07-2024, 23:11

1 047

Челябинскиде Киалимское суу сактагычында дамба бузулду

 

URA.RU билдиргендей, дамбанын жарылуусуна байланыштуу Киолим, Мухаметово, Карасаево, Байдашево, Сактаево айылдарынын тургундарына эвакуацияга даярдануу, керектүү буюмдарды жана документтерди чогултуу сунушталды. Карабаш шаарчасында таза суу өчүрүлүшү мүмкүн.

 РИА Новости берген алдын ала маалыматтарга караганда, сел жүргөн аймакта эки жүзгө жакын адам бар. Карабаш шаар округуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.Азыр өзгөчө кырдаалдар болгон жерде ӨКМ жана коммуналдык кызматтар иштеп, кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Достор менен катталышың